Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 23:43
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Ысык-Көлдө Англияга виза алууга жардам берүүнү убадалаган жаран кармалды

11.12.2023 13:20
598
Ысык-Көлдө Англияга виза алууга жардам берүүнү убадалаган жаран кармалды


Англияга виза алууга жардам берем деп, алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Каракол ШИИБге Бишкек шаарынын 54 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал Англияга виза алууга жардам берем деген шылтоо менен 39 миң рубль алып, изин жашырып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган.


Натыйжада, Ак-Суу районунун Тепке айылынын 43 жаштагы тургуну кармалган. Алдын ала сурак учурунда ал күнөөсүн мойнуна алган.


Шектүүгө карата бир айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн