Маданият кызматкерлери Ысык-Көлдө эс алып жаткан дарыгерлерге жагымдуу маанай тартуулап жатышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өлкө аймагында COVID- 19 илдетти катталган күндөн тарта вирус менен күрөшүүдө алдыңкы сапта тынымсыз эмгектенген дарыгерлер эс алууга чыгып, Ысык-Көлдө ден соолуктарын бекемдеп жатышат.
"Таза аба, витаминдештирилген тамак-аш, физикалык активдүүлүк жана маданият кызматкерлери тартуулаган жакшы маанай дарыгерлердин саламаттыгына оң таасирин тийгизип, ден соолугун калыбына келтирүү үчүн шарт түзүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн