Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:12
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ысык-Көлдө эс алуучулардын буюмдарын уурдап жүргөндөр кармалды

15.08.2023 11:44
277
Ысык-Көлдө эс алуучулардын буюмдарын уурдап жүргөндөр кармалды


Ысык-Көлдө эс алуучулардын буюмдарын уурдап жүргөн деп төрт адам кармалды. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, алар Бостериде жана Чолпон-Атадагы пляждарда телефон, акча уурдоо менен шугулданган. Тергөө учурунда сегиз факт далилденип, туристтерге 310 миң сом зыян келтиришкени аныкталган.


Кылмышка мурда соттолгон Бишкектин тургундары 20 жаштагы К.Б., СИ., Д.И. жана Чүй облусунун 23 жаштагы жашоочусу Т. А. айыпталууда. Бирөө эки айга тергөө абагына киргизилип, үчөө үй камагына чыгарылган.


Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") менен кылмыш ишин козгоп, аталган топтун башка ушундай кылмыштарды жасоого катыштыгы бар-жогун текшеришүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн