Бугу 06, 2024
Убакыт: 08:16
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көлдө индиялык эки студент көз жумду

Ысык-Көлдө индиялык эки студент көз жумду


Ысык-Көлдө Индиянын эки жараны сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу агенттикке Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Окуя 21-апрелде Чолпон-Атадагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" эс алуу жайында болгон.

Кырсык тууралуу билдирүү милициянын нөөмөт кызматына саат 13:00дө түшкөн. 

Жерине райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу барып, териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында сууга чөккөндөр Индиянын 20 жана 19 жаштагы жарандары экендиги аныкталган.

Алар Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери болушкан.

"Көл жээгине эс алууга келген студенттер пирстен секирип, суудан чыга албай чөгүп кетишкени аныкталды. Маалыматта алар менен чогуу эс алууга келген мекендештери тастыкташты", - деп билдиришти милициядан.

Аталган окуя Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертизасы дайындалды.

Териштирүү иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн