Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун төрөтканасында кош бойлуу келин каза болду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, бул 45 жаштагы аялдын жетинчи төрөтү болгон.
"Аял төрөтканага толгоо тартып келген. Бирок абалы начарлап кеткен. Көрүлгөн чараларга карабай аял төрөгөнгө чейин эле каза болуп, ичиндеги баласы да чарчап калган. Учурда бул окуя боюнча облустук деңгээлде териштирүү жүрүп жатат", — деп билдиришти министрликтен.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалганы кошумчаланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн