Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 06:58
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Ысык-Көлдө курал-жарак жана аскердик техникаларды оңдоочу борбордук база ачылды

10.10.2022 11:27
375
Ысык-Көлдө курал-жарак жана аскердик техникаларды оңдоочу борбордук база ачылды



Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, Россия Федерациясынын коргоо ведомствосунун өкүлдөрү катышышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары  Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда базанын ачылышы эки өлкө ортосундагы Аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого көмөк болоорун белгиледи.

Генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов кыска убакыттын ичинде Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн аракеттери менен оңдоо базасынын бардык элементтерин бардык жабдуулары менен орнотуу боюнча иштерди аягына чыгарууга жетишкенин жана аны пайдаланууга киргизүү Коргоо министрлигинин кошуундарын жана бөлүктөрүн техникалык жактан камсыз кылууну уюштуруу боюнча милдеттерди ыкчам чечүүгө өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи.


Базанын аймагында комплекстүү техникалык тейлөөнүн бардык түрлөрү үчүн иштер жүргүзүлөт. Ошондой эле, штаттык курал-жарактарды жана аскердик техникаларды даярдыкта кармап туруу үчүн оңдоо иштери жүргүзүлөт, бул кыргыз Армиясынын күжүрмөн даярдыгын жогорулатат. 


Эске салсак, 2022-жылдын башында эки тараптуу эл аралык аскердик кызматташтыктын алкагында аскердик-техникалык жардам багыты боюнча контрактка кошумча макулдашууга кол коюлган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн