Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көлдө милиция "Дауна" синдрому менен ооруган 9 жаштагы кызды таап берди

17.08.2021 10:22
1364
Ысык-Көлдө милиция "Дауна" синдрому менен ооруган 9 жаштагы кызды таап берди

Каракол шаарында «Дауна» синдрому менен ооруган 9 жашар кыз жоголуп кеткен. Аны милиция кызматкерлери табышып, ата-энесине кайтарып беришти. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Кечээ, 16-август күнү болжол менен саат 15:45 чамаларында Каракол ШИИБне телефон аркылуу жарандардан кабар түшүп, анда шаардын Коёнкөзов жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде 9 жаштагы орус улутундагы кыз адашып жүргөндүгү жөнүндө кабар түшкөн. Ошондой эле, кыз жакшы жана так сүйлөй албагындыгын дагы кошумчалашкан.


Окуя болгон жерге келишкен Каракол ШИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору келишип, жоголуп кеткен кыз менен сүйлөшкөндө, ал өзүн “Женя” деп тааныштырган. Бирок өзү тууралуу эч маалымат айта алган эмес. Андан аркы уланган иште, кыз “Дауна” синдрому менен жабыркаары байкалган.  


Милиция кызматкерлери жоголгон кыздын ата-энесин аныктоо үчүн, аймакты толугу менен кыдырып, ал жерде жашаган адамдарды сураштыра башташты. Бир саатка созулган издөө иштеринин натыйжасында, адашып жоголуп кеткен кыздын ата-энеси табылган.


Көрсө, кыздын ата-энеси, Россия Федерациясынын жарандары 44 жаштагы А.А. жана 41 жаштагы А.О. тогуз жашар кызы А.Е. менен Каракол шаарында жашашкан апасына келишкени аныкталган. Андан тышкары, жоголгон кыз Тверь шаарындагы «Дауна» синдрому чалдыгышкан балдардын атайын мектеп-интернатынын 3-классында окууру белгилүү болгон.  


Профилактикалык аӊгемелешүүдөн кийин, кыз ата-энесине кайтарылып берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн