Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 23:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Ысык-Көлдө милициянын "Бирдиктүү терезе" борбору ачылды

02.09.2020 13:41
1062
Ысык-Көлдө милициянын "Бирдиктүү терезе" борбору ачылды


Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында «Бирдиктүү терезе» аталышындагы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн кошумча  борборлору ачылды.


ОИИБдин маалыматына караганда, тургундар арасында коронавирус жугуштуу илдетинин жайылышына жол бербөө жана карантиндик режимди сактоо максатында Тоӊ, Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмдөрүндө жана Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн базаларында «Бирдиктүү терезе» принцибинде иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн кошумча  борборлору ачылды. 


Эми, аталган аймактардын тургундары тийиштүү иш кагаздарын алыш үчүн, мурдагыдай облустун борбору – Каракол шаарына келишинин зарылдыгы жок.


Башкармалыкта белгилегендей, аталган кызматта адамдын өлкөнүн аймагында соттолгону-соттолбогону тууралуу справкаларды, кооптуу жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын, жарандык жана кызматтык курал-жаракты, кооптуу жардыргыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды кабыл алууга жана берүүгө лицензияларды жана уруксат кагаздарын берүү кызматтары жүргүзүлмөкчү.


“Бирдиктүү терезе” принциби киргизилден баштап, жарандар зарыл документтерин чогултуу үчүн бир канча инстанцияларга кайрылып убара тартпайт. Системанын киргизилиши менен справкаларды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү кыскарат. 


Соттолгондугу же болбосо соттолбогондугу жөнүндө справка 10 жумуш күнүндө акча төлөнбөстөн берилет.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн