Бугу 04, 2024
Убакыт: 06:14
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ысык-Көлдө опузалоо жолу менен 150 миң пара алган блогер кармалды

31.07.2020 13:46
1243
Ысык-Көлдө опузалоо жолу менен 150 миң пара алган блогер кармалды


Ысык-Көл облусунда акча каражатын опузалап талап калган деген шек менен 49 жаштагы адам кармалды.  Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 27-июль күнү Ысык-Көл облусу боюнча УКМКнын башкармалыгына Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 57-жаштагы К.Т. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Өзүнүн арызында ага белгисиз адам компромат маалыматтарды ачыка чыгарбаш үчүн, андан 200 миӊ сом акча каражатын опузалап талап кылып жаткандыгын билдирген.


Аталган факты 203 берененин 1 бөлүгү (Опузалап талап кылуу) менен Ысык-Көл облусу боюнча УКМКБнын КЖБРне катталып, жазык-процесстик кодексинин 153 беренесинин (Тергөөнүн караштуулугу) негизинде тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн материалдар Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.


Натыйжада шектүү катары 49-жаштагы Каракол шаарынын тургуну Б.А. болуп чыккан. Анын автоунаасынын ичинен жактоочунун катышуусунда далил зат катары 150 миӊ сом өлчөмүндө акча каражаты табылып алынган.


Шектүү Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилип, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүү адамдын компромат материалдарынын далилдери да текшерилмекчи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн