Эпидемиологиялык абал турукташканга чейин Ысык-Көл облусунда той-аш өткөрүүгө тыюу киргизилди. Мындай чечим 5-августта облусттук ыкчам штабынын отурумунда кабыл алынды.
Маалыматка караганда, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев тиешелүү мекемелерге текшерүүлөрдү күчөтүүнү тапшырды.
"Ысык-Көл облусунда эпидемиологиялык кырдаал оңолгонго чейин той-аштарга тыюу салынсын. Эреже бузгандарга максималдуу айып пулдар салынсын”, - деп белгиледи облус башчы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн