Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:57
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ысык-Көлдө үй буюмдарын уурдап жүргөн жаран кармалды

27.09.2021 10:38
823
Ысык-Көлдө үй буюмдарын уурдап жүргөн жаран кармалды

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында батирлерден буюмдарды уурдаганга шектүү кармалды. Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, шектүү жабырлануучуларга жалпы 700 миңдей сом зыян келтирген.


Каракол шаарынын тургуну укук коргоочуларга арыз менен кайрылган. Анда август айында үйүнө белгисиз адамдар кирип фотоаппарат, дрон, ноутбук, алтын зер жасалгаларын, акча каражатын уурдап, 555 миң сом зыян келтиргенин айткан. Андан тышкары ушул эле шаардын дагы бир тургуну арыз менен кайрылган.


Ал июль айында белгисиз жарандар батирине кирип тиричилик буюмдарын уурдап 115 миң сом зыян келтиргенин кабарлаган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 220-берене менен катталып, сотко чейинки тергөөгө алынган.


Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Каракол ШИИБинин кызматкерлери тарабынан 1992-жылы туулган Б.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда жогорудагы кылмыш иштерине катыштыгы бар жарандарды аныктоо амалдары жүргүзүлүп, шектүүнүн мындан башка дагы иштерге катыштыгы бар же жогу аныкталууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн