Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдө үйлөмө матраска отурган кичинекей үч баланы шамал жээктен ары алып кеткен

Ысык-Көлдө үйлөмө матраска отурган кичинекей үч баланы шамал жээктен ары алып кеткен


Ысык-Көлдө үйлөмө матраска отурган кичинекей үч баланы шамал жээктен ары алып кетип, аларды милиция кызматкерлери куткарганга жетишип калды. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 27-июль күнү Чок-Тал айылындагы пляжда Ош облусунун Кара-Суу районунан келген үй-бүлө эс алып жүргөн. Алардын жетиден 12 жашка чейинки үч баласы көлгө үйлөмө матрас менен сүзүүнү чечишкен. Бул учурда алардын ата-энеси жээкте эс алып жаткан.


"Капысынан көтөрүлгөн катуу шамал жана бийик толкундар балдарды заматта эле көлдүн жээгинен ары бир чакырымдай сүрүп кеткен. Алар көлдүн бул аймагында көп кездешкен суу агымына кабылган. Чоӊ-Сары-Ой айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери балдарды куткарып калышты. Бактыга жараша, кичинекей эс алуучулар көлдүн толкунунун күчүн толук биле электе тартип сакчылары жергиликтүү тургундун моторлуу кайыгы менен жетүүгө үлгүрүштү", — деп айтылат маалыматта.


Милиция кызматкерлери балдар жана алардын ата-энелери менен профилактикалык аңгемелешүү өткөрүп, андан ары өздөрүнүн кызматын өтөөнү улантышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн