Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 14:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ысык-Көлдө үймө-үй кыдырууда 2621 адамдан коронавирус табылды

01.09.2020 18:35
985
Ысык-Көлдө үймө-үй кыдырууда 2621 адамдан коронавирус табылды


Ысык-Көл облусунда 18-июлдан 29-августка чейин үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгында коронавирус менен пневмонияга чалдыккан 2621 адам аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. 


Маалыматка караганда, аныкталган адамдардын бардыгына тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

"Дарыгерлер жалпы 112 миң 500 короону кыдырып, 514 миң 541 адам текшерүүдөн өткөн", - деп айтылат маалыматта. 


Бүгүн, 1-сентябрга карата Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 60 адамдан аныкталды. Анын ичинен - Ысык-Көл облусунда 3 адамдан бул илдет табылган. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн