Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 06:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ысык-Көлдө жаш баланы жылан чагып алды

24.06.2021 16:20
1402
Ысык-Көлдө жаш баланы жылан чагып алды


Түп районунда 12 жаштагы өспүрүм баланы жылан чакты. Учурда ага кан керек болуп жатканын жакындары билдиришти.

Маалым болгондой, 22-июнь күнү саат 16:00 чамасында Түп районунун Күрмөнтү айылында 12 жаштагы Байэл чарбак жакка барган. Кайтып келе жатканда жыланды көрбөй, куйругун басып алган. Жылан аны дароо чагып, жакындары уусун чыгарууга аракет жасап, ооруканага алып барышкан. Дарыгерлер ага 23-июндан бери кан куюп жатышат. Бирок учурда донор табылбай, кан изделип жатат.

«Ага тез арада 4-топтогу (терс) кан керек болууда. Учурда мурду канап, басылбай жатат», - деди алар.

Донор болом дегендер 0 509 67 89 10, 0 500 53 23 30 номуру аркылуу байланышса болот.

Булак: "Турмуш" 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн