Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:11
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ысык-Көлдө жол эрежесин бузгандарды ОИИБге WhatsApp аркылуу билдирип турса болот

10.09.2020 10:15
970
Ысык-Көлдө жол эрежесин бузгандарды ОИИБге WhatsApp аркылуу билдирип турса болот


Ысык-Көл ОИИБде жол эрежелерин бузуу фактыларын билдирүү боюнча мессенджер WhatsApp тынымсыз байланышы киргизилди. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


ОИИБдин башчысынын орун басары Акылбек Бекишев билдиргендей, эми ар бир жаранга, бирден бир көйгөйлүү маселе болгон жол эрежелерин бузууга жол бербөө жана анын алдын алууга өздөрүнүн салымын кошууга шарттар түзүлдү. Мессенджер WhatsApp тынымсыз байланышына ар кандай жол эрежесин бузуу факты боюнча сүрөттөрдү жана видео тасмаларды жиберүүгө болот. 


Тынымсыз байланыштын номурлары: Каракол шаары боюнча 0709050656, Ысык-Көл облусу боюнча 0704071150. Алынган маалыматтар, жол коопсуздугу кызматынын Ысык-Көл облусунун бөлүмүнө жана Каракол шаарынын бөлүмчөсүнө жиберилип, Бузуулар жөнүндө Кодексинин талаптарына ылайык тийиштүү чаралар көрүлөт.


«Мисалы, жараныбыз жол эрежесин одоно бузган фактыга күбө болуп калса, анда ошол фактыны сүрөткө же болбосо видеого тартып, кайсыл жерде жана качан болгондугун, ошондой эле автоунаанын мамлекеттик номерин жазуу түрүндө көрсөтүп, жиберүүгө болот. Ар бир жаран, анын жиберген маалыматы тийиштүү кызмат тарабынан караларына күмөн санабасын. Анонимдүүлүгү да толук сакталат», - дейт А.Бекишев.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн