Бугу 06, 2024
Убакыт: 16:55
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, дагы бир кыз каза болду

Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, дагы бир кыз каза болду

Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда жол кырсыгынан бир кыз каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.


Маалыматка караганда, Ысык-Көл району, Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 32-чакырымында (Чырпыкты айылы) "Тойота-Раф4" жана "Тойота-Ярис" үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.


Жол кырсыктын кесепетинен 1 кыз каза болуп, 3 адам жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда).


Жерине Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, жабыркаган жарандарды тез жардам кызматынын унаасына салып беришкен, ал эми каза болгон кыздын жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн