Ысык-Көлдүн Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда кар калың жаап, жайлоого кеткен жол, ашуулар жабылган.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кар 29-майдан бери тынбай жаап жатканын айтып, мындан улам Ак-Суудагы Каракол — Эңилчек жолу менен Жети-Өгүз районундагы Барскоон — Ак-Шыйрак жолу жабылып калганын билдирди.
Кардын калыңдыгы айрым жерлерде 80 сантиметрге чейин жетип, жергиликтүү жашоочулар жайыттарда мал кармоо кыйынчылык жаратып жатканын айтышууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн