Ысык-Көл облусунда көлгө чөгүп кетти делген адам аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 5-августта Ысык-Көл районунун Бостери айылында 1992-жылы туулган адам сууга чөгүп кетти деген маалымат түшкөн.
Билдирүү түшкөн жерге 4 куткаруучу тартылган. Кийинчерээк аталган маалымат такталган эмес. Ал жаран куткаруучулар тарабынан пансионаттын аймагынан аман-эсен табылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн