Бүгүн, 17-августта COVID-19 менен күрөшүүдө алдыңкы сапта иштеген 202 дарыгердин дагы бир тобу Ысык-Көлгө жөнөп кетишти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, борбор калаа жана региондордон келген медицина тармагында эмгектенген кызматкерлердин тобу 7 күн бою кыргыз берметинин жээгинде “Алтын Жай” пансионатында эс алып, ден соолуктарын калыбына келтирип кайтышмакчы.
Бул иш-чара инфекция очокторунда иштеген үчүн реабилитациялоо жана ден-соолугун калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды уюштуруунун алкагында өтүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн