Бугу 16, 2024
Убакыт: 06:59
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көлгө эс алууга кеткен 31 жаштагы жарандын сөөгү табылды

21.07.2021 15:08
875
Ысык-Көлгө эс алууга кеткен 31 жаштагы жарандын сөөгү табылды

7-июлда Бишкек шаарынан Чолпон-Атага кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 31 жаштагы Н.К. (эркек киши) аттуу жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу АКИпресс агенттигине күч структурасынан билдирген.

 


Буга чейин Н.К. туугандары тарабынан изделип жаткан. Анын жансыз денеси асылган абалда Түп районунан табылды. Өзүнүн өмүрүнө кол салганы же киши колдуу болгону азырынча белгисиз. Кечээ маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Михайловка айылында жерге берилди.


Ал эми Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери окуяны тастыктады.


"Түп районунун Михайловка айылынын тургуну Н.К. Бишкек шаарынан Чолпон-Ата шаарына кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы боюнча маалымат түшкөн. 19-ноябрь күнү Түп районундагы талаа жактагы чычырканактыцн арасынан асынып турган жансыз дене табылган. Жансыз дене болжол менен жарым айдай туруп калгандыктан таанууга мүмкүн болгон эмес. Милиция кызматкерлери маркумдун сөөгүн жана баштыгындагы уюлдук телефонун туугандарына өтуөрүп беришкен. Денени алгачкы кароодо ур-токмоктун белгилери аныкталган жок",-деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн