Жетинин айы 05, 2025
Убакыт: 15:11
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.075
1.105

Эртең Бишкектин түндүк тарабында суу убактылуу өчүрүлөт

05.11.2025 12:12
15
Эртең Бишкектин түндүк тарабында суу убактылуу өчүрүлөт


Эртең Бишкектин Энесай, Дордой-1 жана Дордой-2 конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт.

Мэриядан билдиришкендей, суу Энесай суу алуучу жайында жана шаардын суу менен камсыздоо тармактарында оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.


Саат 10:00дөн 16:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерде ичүүчү суу берүү токтотулат.


"Бишкексууканал" ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн