Бугу 04, 2024
Убакыт: 15:49
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көлгө салына турган футбол академиясынын жер маселеси гана чечилген, - федерация

23.05.2020 16:30
874
Ысык-Көлгө салына турган футбол академиясынын жер маселеси гана чечилген, - федерация


Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айыл өкмөтүнө салына турган заманбап стилдеги футбол академиясынын учурда жер маселеси гана чечилди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз катчысы Адилет Керимбек уулу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди.


Анын айтымында, азырынча футбол академиясын салуу федерациянын планында гана каралган.


Ысык-Көл облусуна салынуучу футбол академиясын Кыргыз футбол союзу Эл аралык футбол федерациясы аркылуу салууну пландоодо. Учурда Кара-Ой айыл өкмөтү менен сүйлөшүп жер маселеси чечилди. Азырынча ФИФАнын каражаты менен же болбосо Эл аралык донорлордун жардамы менен салынары белгисиз. Учурда академиянын курулушун баштоо мөөнөттөрүн тактоо иштери жүрүүдө”, - деди Керимбек уулу.


Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айыо өкмөтүнө Эл аралык футбол федерациясы тарабынан заманбап стилдеги футбол академиясы курулары айтылган болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн