Чын курандын 17, 2024
Убакыт: 03:43
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Ислам өлкөлөрү Швецияда Курандын күйгүзүлүшүн сынга алды

23.01.2023 08:39
356
Ислам өлкөлөрү Швецияда Курандын күйгүзүлүшүн сынга алды


Ислам дүйнөсү Швецияда Куранга болгон адепсиз мамилеге реакция кылды. Пакистан, Иордания, Кувейт, Сауд Аравия, БАЭ, Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдиги жана Ислам Кызматташтык Уюму акцияны айыптаган билдирүү жасашты.


 Ашыкча оңчул саясатчы Расмус Палудан Швеция бийлигинин уруксаты менен Стокгольмдогу Түркия элчилигинин алдында ыйык Курандын көчүрмөсүн күйгүзгөн. 


Дүйнөдөгү Ислам өлкөлөрү бул акцияга катуу реакция жасады.


 Пакистандын Тышкы иштер министрлиги бул окуяны "жосунсуз жорук" деп мүнөздөдү.


Ошондой эле, Сауд Аравия, Иордания, БАЭ, Ислам кызматташтык уюму жана башка ислам өлкөлөрү Швеция бийлигинен дүйнөдөгү бүтүндөй мусулмандардын ишенимине болгон терс аракет үчүн кечирим суроону талап кылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн