Бугу 14, 2024
Убакыт: 20:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Испанияда 105 жаштагы аял коронавирусту жеңди

17.04.2020 17:43
1014
Испанияда 105 жаштагы аял коронавирусту жеңди


Испаниянын Мерида шаарында COVID-19 вирусун жуктуруп алган 105 жаштагы аял илдеттен сакайды. Бул тууралуу анын небереси Антонио Мартин жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарлаган. 


Маалыматка ылайык, Эвариста Рубио Галан ысытма болуп жана дем алуусу начарлап, коронавирустун белгилери менен карылар үйүнөн ооруканага жеткирилген. Ал бейтапканада болгону үч эле күн болгон. Аны мекемеден чыгарардын алдында дагы бир жолу анализ алганда андан илдеттин белгилери жок болгон. 


“Соңку ирет биз аны 8-мартта көрүп келгенбиз. Бизге 9-апрелде анын анализинен COVID-19 вирусу табылганын, ага ыңгайлуу болуш үчүн карылар үйүндө изоляцияда калтырууну чечишкенин айткан. Анын абалы начарлап, ысытмасы көтөрүлүп, дем алуусу оорлошуп кетип бейтапканага жибериптир”, - деген Мартин.


Бейтаптын небереси чоң энесинин жашоосу илдетке каршы күрөшүүдө үлгү экенин айткан.


“Анын жашоосу илдетке каршы күрөшү үчүн үлгү. Ал дээринен күчтүү. Керемет деп ушуну айт”, - деген небереси.


Маалыматка таянсак, Эвариста Рубио Галандын 6 уул, 16 небере жана 8 чебереси бар. Ал июль айында 106 жашка толору айтылды.


Соңку маалыматтар боюнча Испанияда коронавирус илдетин жуктургандар 188 068 адамга жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн