Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италиянын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин Чет өлкөдөгү италиялыктар жана миграция саясаты боюнча башкармалыгынын башкы директору Луиджи Виньяли менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук тармактагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты.
Атап айтканда, миграция, коопсуздук жаатында кызматташууну өнүктүрүү жана айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана конвертациялоо боюнча макулдашууларга кол коюу мүмкүнчүлүгүн караган биргелешкен ишти активдештирүү маселелери көтөрүлдү.
Ошондой эле тараптар мурда жетишилген макулдашуулардын алкагында Кыргызстандын жарандарынын Италияда натыйжалуу жана тартипке салынган жумуш менен камсыз болуусу маселесине өзгөчө көңүл бурушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Италиянын тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2025-жылы биринчи консулдук консультацияларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулап, эки өлкөнүн кызыкчылыгында мындан аркы оң кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн