Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 12:29
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Издөө салабыз! Баткенде 21 жаштагы кыз дайынсыз болууда

15.07.2021 10:08
903
Издөө салабыз! Баткенде 21 жаштагы кыз дайынсыз болууда


     2021-жылдын 13-июль күнү саат 15.30 чамаларында Баткен районунун Ак-Татыр айылынын тургуну  21.06.1999-жылы туулган Нишанбай кызы Айжан Баткен шаарынын Ходжаев көчөсүнүн 15 убактылуу жашап жүргөн үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон азыркы күнгө чейин жүрөн жери белгисиз болууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.


     Бул факты боюнча Баткен ШИИБнин КЖБРне дайынсыз жоголуу деп катталып, издөө иштери жүрүп жатат.


     Кийген кийимдери: башында кызыл түстөгү жоолук,үстүндө кызгылт (розывый) түстөгү спорттук кийим, астында кара түстөгү бел көйнөк (юбка), бутунда кызгылт түстөгү спорттук бут кийим.


      Белгилери: бою 160-165см, ак жүздүү кашы көзү кара түстө, дене түзүлүшү арыкчырай. Психикалык жактан жабыркабайт.


     Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кызды таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот.


     Байланыш үчүн номерлер 03622 102, (5 00 68) уюлдук телефондор: 0776 70 15 70, 0507 70 15 70 


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айжан
Очурбойсунорбу