Учтун айы 17, 2025
Убакыт: 22:59
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Израил армиясы Газа тилкесиндеги карыларды караган ооруканага чабуул жасады

30.12.2024 09:46
686
Израил армиясы Газа тилкесиндеги карыларды караган ооруканага чабуул жасады


Израил армиясы Газа тилкесиндеги карыларды кароо жана реабилитациялоочу жалгыз борбор болгон “Аль-Вефа” ооруканасына кол салды.


Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAнын маалыматына караганда, Газа шаарынын түштүгүндөгү Аз-Зехра аймагында жайгашкан медициналык мекеменин аткыланышынын натыйжасында, алдын ала маалыматтарга караганда, 7 киши набыт болду. Ошондой эле бир нече жаракат алган, алардын айрымдарынын абалы оор экени кабарланды.


1980-жылы Газа тилкесинде түзүлгөн “Аль-Вефа” Карылар Борбору карыларды тейлөө боюнча алдыңкы жана жалгыз клиника болуп эсептелет.


Израил армиясы 2023-жылдын ноябрында ооруканага чабуул жасап, медициналык мекеменин директору Митхат Мухайсинди, ошондой эле бир нече дарыгерлерди жана бейтаптарды өлтүргөн.


Жекшемби күнү, 29-декабрда эртең менен Газа тилкесинин түндүгүндөгү Аль-Ахли баптисттердин ооруканасы Израил армиясы тарабынан аткыланды.


2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесинде 45 миң 484 палестиналык Израилдин геноцидинин курмандыгы болуп, алардын 11 миң 979у аялдар жана 17 миң 492си балдар, дагы 108 миң 90 миңи жарадар болгон.


Миңдеген набыт болгондордун сөөгү урандылардын астында калууда. Ооруканалар, билим берүү мекемелери жана башка маанилүү имараттар Израилдин чабуулдарынын бутасына алынууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн