Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:52
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

JDS программасынын алкагында 20 мамлекеттик кызматкер Японияга окууга барат

19.08.2022 10:05
506
JDS программасынын алкагында 20 мамлекеттик кызматкер Японияга окууга барат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Япониянын университеттеринде окууга тандалып алынган JDS (Japanese Development Scholarship) долбоорунун стипендиаттары менен жолугушту.


Жолугушууга ошондой эле Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда катышты.


Эдил Байсалов JDS долбоорунун стипендиаттарынын 16-тобун жогорку окуу жайына өтүшү менен куттуктады.


«Биринчи кезекте япон тарапка JDS долбоорун колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз, анын алкагында жыл сайын биздин мамлекеттик кызматкерлер Японияда билим алууда. JDS стипендиялары Кыргызстан менен Япониянын кызматташтыгына бекем негиз түзүүдө. Кыргыз- япон элинин достугун жана колдоосун жогору баалайт. Япониянын алдыңкы университеттериндеги магистратура жана докторантураларда билим алуу мамлекеттик кызматтагы натыйжалуу жетекчилердин жаңы муунун даярдоого мүмкүндүк берет деп ишенебиз. Мындан тышкары, бул ар кыл тармактагы алдыңкы жана мыкты тажрыйбалар менен таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк жаратат», — деди ал.


Адам ресурстарын өнүктүрүү стипендиясы (JDS) программасынын алкагында быйыл 20 мамлекеттик кызматкер Япониянын университеттерине окууга жиберилет.


Кызматташуу мезгилинде Японияда жалпысынан 200дөн ашуун мамлекеттик кызматкер окуудан өткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн