Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 22:57
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

К.Боронов ИИМге Аравандагы мушташ боюнча иликтөө жүргүзүүнү тапшырды

21.09.2020 09:54
1332
К.Боронов ИИМге Аравандагы мушташ боюнча иликтөө жүргүзүүнү тапшырды


Премьер-министр Кубатбек Боронов Ички иштер министрлигинин жетекчилигине Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон окуя боюнча тез арада иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, өкмөт башчы күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгиледи. 


Жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.


Буга чейин Араван районундагы үгүтчүлө ортосунда чыккан мушташтан улам 12 адам ооруканага түшүп, 5 унаа талкаланганы маалымдалган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн