Бугу 17, 2024
Убакыт: 02:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

К.Боронов Жети-Өгүз районунда күзгү оруп-жыюунун жүрүшү менен таанышты

21.08.2020 20:48
1155
К.Боронов Жети-Өгүз районунда күзгү оруп-жыюунун жүрүшү менен таанышты

Айыл чарба продукциясын  экспортко чыгарууга шарт түзүү - өкмөттүң ишиндеги артыкчылыктуу  багыттардын бири. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна жасаган сапарынын алкагында Жети-Өгүз районундагы күзгү оруп-жыюунун жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. 

«Чет өлкөлүктөр республикабызда өндүрүлүп жаткан экологиялык жактан таза айыл чарба азык-түлүктөрүн сатып алууга кызыкдар. Экспортко чыгарууга шарт түзүү үчүн заманбап лабораториялар ачылууда, атайы техниканы лизингге алуу, жеңилдетилген насыя берүү боюнча программалар ишке ашырылууда. Мындай кадамдар мындан ары карай да улантылат. Биз өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүү жана экспорттук потенциалын арттыруу үчүн бардык тийиштүү шарттарды түзүүбүз зарыл», - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө экендигин, мындан тышкары ВСП+ макамын алганын эске салып, аталган механизмдерди натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын кошумчалады. Муну менен катар премьер-министр Жети-Өгүз районундагы фермерлер багып жаткан асыл тукум мал чарбачылыгын көрдү. 

Өкмөт башчы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине дыйкан-фермерлер менен тыгыз  иш алып баруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн