Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:21
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Канат Исаев: "Кыргызстан" партиясын шайлоо жарышынан четтетүүгө аракет кылышты

25.08.2020 11:26
1225
Канат Исаев: "Кыргызстан" партиясын шайлоо жарышынан четтетүүгө аракет кылышты


"Кээ бир саясий партиялардын өкүлдөрү "Кыргызстан" партиясын шайлоонун жарышынан четтетүүгө аракет кылышты. Мындай пикирин аталган саясий партиянын лидери Канат Исаев бүгүн, 25-августтагы брифингде билдирди. 


Ал кечээ, 24-августта аталган саясий партия тарабынан БШКга документтерин өткөрүүнүн айланасында болгон чуу боюнча түшүндүрмө берип жатып, кээ бир саясий партиялардын өкүлдөрү тарабынан БШКнын төрайымына кысым болгонун айтты. 


"Кыргызстан" партиясынын өкүлү штабдан 24-августта саат 18:00гө 20 мүнөт калганда тиешелүү документтердин топтому менен кеткен. Бул убакыт БШКга жетүүгө толугу менен жетиштүү. Ал эми документтерди каттоо убакытысы жазылган журналды мен көргөн жокмун. Биздин партия БШКга документтерди өз убагында тапшырды", - деди Канат Исаев.


Буга чейин маалымдалгандай, Борбордук шайлоо комиссиясынын каттоо журналында "Кыргызстан" саясий партиясынын документтерди өткөрүү убактысы оңдолгон. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн