Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 19:17
USD
86.90
87.40
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

ӨКМ: Балыкчыда катуу шамал болуп, эки киши жабыркады

23.01.2025 12:49
620
ӨКМ: Балыкчыда катуу шамал болуп, эки киши жабыркады


Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында катуу шамал болуп, эки киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.


Маалыматка ылайык, саат 06:22де батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 28-34 метрге жеткен.


"Шамалдын кесепетинен Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын чатыры учуп, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн терезеси сынган. Натыйжада 33 жаштагы аял жана эки жаштагы бала жабыркаган. Учурда алардын абалы туруктуу, дарыгерлердин кароосунда", — деп айтылат маалыматта.


Окуя болгон жерге тактоо иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин башкармалыгынан ыкчам топ тартылып, чыгымдар такталып жатканы кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн