Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 00:12
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

ӨКМ: Баткенге жалпы 1053 тонна гумжардам жеткирилди

21.09.2022 09:20
404
ӨКМ: Баткенге жалпы 1053 тонна гумжардам жеткирилди


2022-ж. 21-сентябрь саат 08:00гө карата маалыматка ылайык, Баткен облусу боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3721 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан. 


ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Баткен облусуна жалпы 1053 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 131 тонна КР ӨКМ тарабынан, 732,729 тонна жардам жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 188,95 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 122 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн. 


Белгилей кетсек, республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:


- Ош облусунда – 44;

- Жалал-Абад облусунда– 12;

- Нарын облусунда – 6;

- Ысык-Көл облусунда – 69;

- Талас облусунда – 43;

- Чүй облусунда – 12;

- Ош шаарында –1;

- Бишкек шаарында – 1. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн