Кечээ, 26-апрель күнү өлкө боюнча 26 799 метр квадрат имараттын ичи, 52 266 метр квадрат имараттын сырты, жалпы 79 065 метр квадрат аймак жана 873 миң погондук автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 136 куткаруучу тартылды.
ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар жана даарыканаларда жүргүзүлүүдө.
112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 6105 чалуу катталып, анын ичинен 369 коронавирус боюнча чалуу түшкөн, нөөмөттөгү диспетчерлер суроолорго жооп беришүүдө, деп кошумчалады басма сөз кызматы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн