Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 00:14
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

ӨКМ чек арадагы эвакуацияланган тургундар тууралуу маалымат берди

13.04.2022 09:53
450
ӨКМ чек арадагы эвакуацияланган тургундар тууралуу маалымат берди

Лейлек районунда чек арадагы чатакка байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү тургундардын коопсуз аймакка көчүрүлүшү тууралуу маалымат берди. Маалымат 13-апрель саат 09:00гө карата алынган.


Баткен облусунун Лейлек районунда 2022-жылдын 12-апрель күнү саат 19:20 чамасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде катталган кырдаалга байланыштуу жергиликтүү калк туугандарына жана убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланды.


Баткен облусу боюнча жалпысынан 644 жаран (53ү эркек, 246 аял, 345 жаш балдар) убактылуу пункттарына жайгаштырылган, анын ичинен 50 тургун өз үйлөрүнө кайтышты.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан област аймагында 1700 орундуу 13 убактылуу жайгаштыруу пункттары даярдалды. 


Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук, Арка, Борбордук, Жаштык, Максат айылдарынын тургундары Маргун жана Бешкент айылына жайгаштырылган. 


Ал эми Интернационал, Кулунду, Раззаков, Ак-Арык, Булак-Башы айылдарынын тургундары И.Раззаков шаарына, Эскиоочу айылынын тургундары Лайли айылындагы убактылуу пункттарына эвакуацияланды. 


Ал эми Баткен району боюнча Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Орто-Боз айылынын тургундары Ак-Татыр айылына, Ак-Сай жана Самаркандек айылынын тургундары Баткен шаарына жана Рават айылына жайгаштырылды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн