Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 09:34
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

ӨКМ сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар аймактардын тизмесин жарыялады

08.07.2024 14:53
979
ӨКМ сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар аймактардын тизмесин жарыялады


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдыдагы туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар тилкелердин тизмесин жарыялады.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдарына ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү, таш кулоо жүрүшү мүмкүн.

Айрыкча Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука жана Токтогул райондорунда, Ош облусунун Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы жана Нарын райондорунда, Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо активдешүүсү мүмкүн.

Төмөндө сел жүрүү жана таш кулоо кооптуулугу бар жолдордун тизмеси берилет:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426- чакырымдарында;
  • Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 - чакырымдарында;
  • Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128 -чакырымдарында;
  • Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымында;
  • Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымында;
  • Ош – Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымында;
  • Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымында;
  • Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24- чакырымында.

ӨКМ жарандарды жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн