Кулжа 15, 2025
Убакыт: 17:14
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

КМШ Экономикалык кеңешинин жыйынынын соңунда бир катар чечимдерге кол коюлду

30.04.2025 12:42
741
КМШ Экономикалык кеңешинин жыйынынын соңунда бир катар чечимдерге кол коюлду


Өзбекстандын Ташкент шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин 105-отуруму жыйынтыкталды.


Жыйынга Кыргызстандан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты. 


Жыйынтыгында шериктештиктин алкагында экономикалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган төмөндөгүдөй бир катар чечимдерге кол коюлду:


  • 2030-жылга чейинки мезгилде КМШнын алкагында өз ара инвестицияларды тартуу жана өнүктүрүүнү стимулдаштыруу боюнча чаралардын комплекси жөнүндө;
  • КМШга мүчө мамлекеттердин аба кыймылын башкаруунун улуттук системаларын шайкеш келтирүү Концепциясынын долбоору жөнүндө;
  • КМШнын Экономикалык кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүү жөнүндө;
  • КМШга мүчө-мамлекеттердин калктын саламаттыгын коргоо жаатында кызматташуу Концепциясынын долбоору жөнүндө;
  • КМШга мүчө-мамлекеттердин жеңил өнөр жай тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү Концепциясынын долбоору жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө;
  • КМШга мүчө мамлекеттердин ортосунда оор машина куруу тармактарын өнүктүрүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жөнүндө;
  • КМШга мүчө-мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын азыркы шарттарда социалдык маанилүү товарлардын айрым рынокторундагы иши жөнүндө;
  • 2018-жылдын 2-ноябрындагы салыктык башкарууну ишке ашыруу үчүн КМШга мүчө-мамлекеттердин ортосунда электрондук түрдө маалымат алмашуу жөнүндө Протоколду ишке ашыруу жөнүндө;
  • КМШга мүчө-мамлекеттердин 2030-жылга чейинки аймактар аралык жана чек ара кызматташтыгынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
  • "Радионавигация" мамлекеттер аралык кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;
  • КМШга мүчө мамлекеттердин 2023–2030-жылдарга жер казынасын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча биргелешкен иштердин узак мөөнөттүү планын ишке ашыруу жөнүндө;
  • КМШга мүчө мамлекеттердин бухгалтердик эсеп боюнча Координациялык кеңешинин 2021–2024-жылдардагы иши жөнүндө;
  • КМШга мүчө мамлекеттердин 2030-жылга чейинки мезгилге инновациялык кызматташтыгы боюнча мамлекеттер аралык программасынын алкагында технологиялык платформа статусун берүү жөнүндө;
  • КМШга мүчө-мамлекеттердин генетикалык материалдын, ветеринария үчүн дары-дармек каражаттарынын жана жаныбарлардан алынган тамак-аш чийки затынын сапатын контролдоо жаатында кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча базалык уюму жөнүндө;
  • КМШга мүчө мамлекеттердин 2030-жылга чейинки мезгилге инновациялык кызматташтыгы боюнча мамлекеттер аралык программасынын алкагында инновацияларды коммерциялаштыруу борбору статусун берүү жөнүндө;
  • КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетинен каржылануучу Шериктештиктин органдарынын финансылык-чарбалык ишмердигине 2024-жылы жүргүзүлгөн документалдык текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн