Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 13:17
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Токаев менен жолугушту

28.10.2022 14:49
297
КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Токаев менен жолугушту

 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астана шаарына  жумушчу сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине  мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жамааттык жолугушуусуна катышты. 


Жолугушууда биримдик алкагындагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.


Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Казакстан Республикасынын 2022-жылы КМШга төрагалык кылуусун ийгиликтүү жыйынтыкташы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы уюмга төрагалык кылууну кабыл алууга даяр экендигин белгиледи.


«Кыргыз Республикасы үстүбүздөгү жылы казак тараптын КМШнын төрагасы катары ишин жогору баалайт. Кыргыз Республикасынын 2023-жылдагы төрагалыгы алкагында экология, климат темасы, транспорт, миграция саясаты тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелери артыкчылыктуу милдеттер катары саналат», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн