Бугу 05, 2024
Убакыт: 23:25
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

КР ТИМ Европа парламентинин шашылыш түрдө кабыл алынган резолюциясына карата өкүнүчүн билдирет

14.07.2023 09:18
296
КР ТИМ Европа парламентинин шашылыш түрдө кабыл алынган резолюциясына карата өкүнүчүн билдирет


Европа парламенти “Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына жана сөз эркиндигине кысым көрсөтүү жөнүндө” резолюция кабыл алды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги муну күтүүсүз жана шашылыш түрдө кабыл алынган чечим деп атады.

Ошондой эле КР ТИМ өлкөдөгү абалды чындыкка жатпаган нукта чагылдырган чечимге карата өкүнүчүн билдирет.

КР ТИМдин билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

"Бул резолюцияны даярдоодо документтин демилгечилери кыргыз тараптан тактоочу же кошумча маалымат сурабагандыгы өкүндүрөт.

Объективдүү эмес, бир жактуу пикирге негизделген үстүртөн резолюция өлкөгө жана улуттук каада-салттар менен негиздерди эске алуу менен демократияны, жарандардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча Кыргыз Республикасы тарабынан көрүлүп жаткан чараларга кысым көрсөтүү катары каралат. Резолюциянын авторлору, балким, атайылап, “Азаттык Медиасынын” айланасындагы маселенин сот аркылуу чечилгенин, ошондой эле белгиленген мыйзам долбоорлору жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кеӊири чөйрөсүнүн катышуусу менен талкуу этабында гана экенин эске алышкан эмес. Резолюциянын башка бир катар пункттары да таң калтырат, алар объективдүү баа берүүнү жана аларды улуттук мыйзамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бийлик бутактарынын көз карандысыздыгын караштырган мыйзамдарга ылайык чечүү жолдорун чагылдырган эмес.

Кыргыз Республикасы Европа Бирлиги менен кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин өзгөчө баалайт. Биз мындан ары да бул позитивдүү динамиканы сактап калуу жана өнөктөштүн пикирин эске албаган мындай бир жактуу чечимдерге карабастан, кызматташтыкка зыян келтирүүчү жана терс таасирин тийгизүүчү бул сыяктуу практикадан алыс болууга чара көрүүнү улантууга ниеттүүбүз.

Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосунда туруктуу кызматташуу механизмдери, анын ичинде парламенттер аралык комитеттер жана адам укуктары боюнча диалог түзүлгөн. Бул жолугушуулар үзгүлтүксүз жана ачык-айкын өткөрүлөт.

Жакын арада Европарламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин делегациясынын Кыргызстанга иш сапары, ошондой эле Парламенттер аралык кызматташтык комитетинин кезектеги отуруму пландаштырылган, анын алкагында биз бул суроолорго, анын ичинде жек көрүү тили, жалган маалымат жана согушту пропагандалоо менен күрөшүү, контентти көзөмөлдөө ж.б. боюнча Европа Бирлигинин алдыңкы тажрыйбалары боюнча жооп алабыз деп күтөбүз.

Сөз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Эл аралык коомчулуктун жигердүү катышуучусу жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары Кыргызстан демократияны, адам укуктарын, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө боюнча ырааттуу иш жүргүзүп, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууну улантууда".

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн