Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

КР элчиси Түркияга туризм тармагында кызматташууну активдештирүүнү сунуштады

06.11.2023 15:07
312
КР элчиси Түркияга туризм тармагында кызматташууну активдештирүүнү сунуштады


Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анталья шаарынын мэри Мухиттин Божек менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу “Yörük Türkmen Festivali” маданий фестивалынын алкагында 3-ноябрда өткөн.

Жолугушууга КРнын Антальядагы башкы консулу Рустам Кошонов да катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алышты.

Элчи Руслан Казакбаев Кыргызстандын жарандарынын Түркияда мындан ары мыйзамдуу жүрүүсүнө байланыштуу жарандардын кайрылууларынын өсүү динамикасына көңүл бурду.

Бул контекстте түрк тарапка Кыргызстандын жарандарына алардын ыңгайлуу болушун камсыздоо маселеси боюнча, атап айтканда, эмгек жана туристтик визаларды узартуу маселеси боюнча максималдуу жардам көрсөтүү сунушталды.

Өз кезегинде Антальянын мэри Мухиттин Бочек Түркиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына колдоо көрсөтүү маселеси боюнча тиешелүү тапшырмалар берилерин билдирди.

Анталья Түркиянын популярдуу курорттук шаарларынын бири болгондуктан, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы түз аба каттамдарын эске алуу менен элчи Руслан Казакбаев туризм тармагында кызматташууну активдештирүүнү сунуштады.

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын аймактар аралык кызматташтыгына токтолуп, элчи Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасынын шаарлары менен Анталья шаарынын ортосунда боордош шаарлар мамилелерин түзүүнү сунуштады.

Жолугушуунун соңунда Руслан Казакбаев Антальянын мэри Мухиттин Божек баштаган мэриясынын делегациясын ыңгайлуу учурда Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн