Бугу 02, 2024
Убакыт: 14:16
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

КСДПдагы жагдай Кыргызстандагы партиялык системанын күзгүсүбү?

29.05.2020 10:44
1223
КСДПдагы жагдай Кыргызстандагы партиялык системанын күзгүсүбү?

Конституция боюнча Кыргызстан парламенттик-президенттик башкаруудагы өлкө. 2010-жылдан бери карай биз парламенттик башкаруу системасына өттүк, аны өнүктүрүүнүн үстүндө баратабыз деп келебиз. Ал эми парламент партиялар аркылуу куралат. Демек, бул жерде партиялык система көбүрөөк маанилүү. 


Кыргызстанда тарыхый таржымалы узагыраак саналган саналуу гана партиялар бар. Алардын сап башындагысы жана таасирдүүсү КСДП эле. Тилекке каршы бул партиянын бүгүнкү күндөгү абалы өтө аянычтуу болуп турат. Лидери Алмазбек Атамбаев абакка кирип кеткенден кийин анын жакын санаалаштары болгон партиянын жаңы-эски мүчөлөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер чыгып, анын арты ыдыроо менен аяктады. 


Адегенде социалдык түйүндөр аркылуу бир-биринин дарегине билдирилген нааразычылыктардан кийин 26-майда КСДПнын саясий кеңешинин 24 мүчөсү чогулуп, жыйын өткөрүштү. Жыйында алардын талаш-тартышы күч алып, аягында партиянын төрагасынын милдетин аткаруучу кызматынан Асел Кодуранова кетип, ордуна Анвар Артыков шайланганы белгилүү болду. Партиянын төрага орун басарлык кызматын Рыскелди Момбеков жана Кундуз Жолдубаева да тапшырып берди. Экөө саясий кеңештин мүчөлүгүн да токтотушканы белгилүү болду. Партиянын төрагасынын дагы бир орун басары Ирина Карамушкина саясий кеңеште да, партияда да мүчө болуусун токтотконун билдирди. Мээрбек Мискенбаев, Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеев да саясий кеңеш жана партия катарынан чыгышты. Назгүл Мамытова партияда калат, бирок саясий кеңештен чыгат. 


Мындай көрүнүш эмнеден улам келип чыкты? Мисалы, Ирина Карамушкина өзүнүн партиялаштары Асел Кодуранова, Адил Турдукулов жана Кундуз Жолдубаеваны “Атамбаевди колдобой калышты, сатышты” деп жарыялап, алар менен чогуу бир кайыкта боло албастыгын билдирген. 


Ал эми Турдукулов болсо тескерисинче Карамушкина, Т. Султанбековду Атамбаевдин уулдары Кадыр жана Сейит Атамбаевдер менен чогуу партиянын саясий кеңеши менен макулдашпастан туруп жаңы партия түзүп алышты деп айтып чыккан эле. 


Ошентип чейрек кылымдан ашуун тарыхый жолу бар КСДП партиясы ыдырады. Мындан биз өлкөбүздө партиялык система калыптана электигин байкадык. Партия десе анын лидерин гана түшүнүп жүргөнүбүз тайкы түшүнүк экенин баамдадык. 25 жылдан ашуун убакыт бир гана лидеринин күчү менен КСДП партия болуп жүргөнү белгилүү болду. Анын абакка кирип кеткенине жыл айланбай партиясынын жашоосу аяктап калгансыды. 


Партия деген – бул бир адамдын тегерегинде топтолуп, анын айткан-дегени менен болуу эмес экенин КСДП анык далилдеди. Партиянын бекемдиги – андагы идеологиянын ширелиши, мүчөлөрүнүн бир максаттуу болушу экен. Лидери убактылуу жок болуп кеткен күндө да партиянын идеологиясы анын бекемдигин, ынтымагын, биримдигин сактап турушу шарт экен. 


Эми КСДПнын бүгүнкү тагдыры үстүбүздөгү жылы шайлоого аттанам деп турган саясий партиялар үчүн сабак болуусу кажет. Жаңы түптөлгөн, түптөлгөнүнө 5-6 жыл болгон партиялар жана алардын лидерлери да КСДПнын таржымалынан жыйынтык чыгаруулары керек, эгерде алардын көздөгөнү эптеп эле бир жолку шайлоодо мандат тагынуу болбосо.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн