Бугу 08, 2024
Убакыт: 03:14
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Кадамжай РИИБдин начальниги Кожобек Козубаев Кара-Шоро эли менен жыйын өткөрдү

29.04.2022 10:32
1055
Кадамжай РИИБдин начальниги Кожобек Козубаев Кара-Шоро эли менен жыйын өткөрдү

Кадамжай РИИБдин начальниги Кожобек Козубаев милициянын көчмө кабылдамасында Кара-Шоро элин кабыл алды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

Кадамжай район борборунан 60 км.алыстыкта тоо арасында жайгашкан Кара-Шоро айылынын жашоочуларынын көйгөйүн угуу максатында Кадамжай РИИБдин начальниги милициянын майору Кожобек Козубаев Кадамжай район аймагындагы социалдык маселелер боюнча мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Көтөрмө айыл аймагынын Өзбекстан менен чектешкен тоолуу Кара-Шоро айылына барып, элет жеринин көйгөйлөрүн укту. 


Жергиликтүү тургундар негизинен социалдык маселелерди көтөрүп, ички тартип, кылмыштуулук боюнча нааразычылыктар болгон жок.


Кадамжай РИИБдин начальниги милициянын майору Кожобек Козубаев кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктарга жол бербөө ошондой эле мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды мыйзамдаштырып алуусун элге эскертип өттү. Ошондой эле район борборунан алыскы аймакта жашаган тургундарга жеңилдик жаратуу үчүн сервистик тейлөөлөрдү уюштуруп, түзүлгөн графиктин негизинде ай сайын ушундай жолугушуулар болоорун белгиледи. 


Милициянын көчмө кабылдамасы менен барган мекеме-ишканалардын өкүлдөрү тийиштүү суроолорго жооп беришип, элдин көйгөйүн чечкенге аракет кылышты. Жергиликтүү тургундар милициянын бул иш-аракетине ыраазы болуп, кылмыштуулук багытына нааразы пикирлер айтылган жок.


Бул ирет милициянын көчмө кабылдамасына 5 социалдык маанидеги арыз-сунуштар кабыл алынып, Кадамжай РИИБү тарабынан бул сунуштар тиешелүү мамлекеттик кызматтарга жөнөтүлдү.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн