Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кадамжай район аймагында “Селсаяк” иш-чарасы жүргүзүлдү

20.04.2021 09:46
1390
Кадамжай район аймагында “Селсаяк” иш-чарасы жүргүзүлдү



  Кадамжай районунун аймагындагы жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында “Селсаяк” иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.



Бул иш-чаранын жүрүшүндө кароосуз калган имараттар, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрү, чатырлары текшерилди. Ошондой эле район аймагындагы мектеп окуучуларына спорттук оюндар уюштурулду. 

 

Мектеп мугалимдери, мектеп окуучулары менен жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жолугушууларды,  жаш өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алууда түшүндүрүү иштерин жүргүздү.


Иш чаранын жыйынтыгында Кадамжай район аймагында селсаяк жаш өспүрүм аныкталган жок. 


  Түнү өз алдынча жүргөн 48жаш өспүрүм кармалып, ата-энелерине тапшырылып, түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. 

 

Мындан сырткары тийиштүү мекеме-ишканаларга жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында 71 сунуш жөнөтүлүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана балдар боюнча социалдык өнүгүү башкармалыгына 16 метериал жөнөтүлдү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн