Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Кадамжай райондук милициясы мектеп окуучуларына ачык эшик өткөрдү

24.11.2021 11:06
514
Кадамжай райондук милициясы мектеп окуучуларына ачык эшик өткөрдү


Кадамжай РИИБнин жетекчилиги мектеп окуучуларына ачык эшик өткөрдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.


Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо, укук бузуулардын алдын алуу ошондой эле мектеп окуучуларына туура багыт көрсөтүп патриоттук сезимдерин күчөтүү максатында Көтөрмө айыл аймагындагы  мектептер арасындагы 9-класстан жогорку мектеп окуучуларына ачык эшик уюштурулду.


Ачык эшикте Кадамжай РИИБнин бир күндүк жумушу көргөзүлдү. Ошондой эле жол кыймылынын коопсузуду, зордук-зомбулуктун алдын алуу, бангизаттарынын коомдогу зыяндуулугу боюнча лекциялар өтүлдү.


Иш-чаранын соңунда Кадамжай РИИБнин кызматкерлери үчүн салынган спорттук залда спорт оюндары ойнотулду.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн