Бугу 04, 2024
Убакыт: 16:01
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кадамжай районунда кичи ажылыкка жөнөтөбүз деп акчасын алып кайтарбай жүргөн жаран кармалды

10.08.2022 16:48
633
Кадамжай районунда кичи ажылыкка жөнөтөбүз деп акчасын алып кайтарбай жүргөн жаран кармалды

"Умра" кичи ажылык сапарына жөнөтөм деп элдерден акча алган аял кармалды. Бул туурасында Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


       Кадамжай РИИБне акыркы бир ай аралыгында "Умра" кичи ажылык сапарына жөнөтөм деп акчабызды алып, сапарга жөнөтпөй бизди алдап жүрөт деген таризде жалпысынан 16 арыз түшкөн.  


       Бул арыздар Кадамжай РИИБнин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

       Кадамжай РИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чарасынын негизинде 2022-жылдын 9-август күнү Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын эч жерде иштебеген 39 жаштагы А.Б. аттуу тургуну Ош шаарында жүргөн жери аныкталып, кармалды. 


       Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары кармалган А.Б. 20 адамдын ар биринен 75000сомдон акча алып жүргөнү белгилүү болду. 

       Азыркы учурда кармалган шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. 

  

       Ошондой эле милиция аталган жарандан зыян тарткан адамдарды Кадамжай РИИБне кайрылууга чакырган. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн