Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кадамжай районунда мыйзамсыз трансформацияланган жерден күч структураларынын кызматкерлери жер тилкелерин алган

23.12.2022 11:29
781
Кадамжай районунда мыйзамсыз трансформацияланган жерден күч структураларынын кызматкерлери жер тилкелерин алган

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айрыбаз (Марказ) айыл аймагында жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айрыбаз айыл аймагынын 2017-жылдын 18-апрелиндеги №15 токтому менен 581 жаранга үй куруу үчүн 95 га жер мыйзамсыз трансформацияланган. Ошол эле учурда, бөлүштүрүлгөн жерлер айрым муниципалдык мекемелердин жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине берилген.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагындагы жер тилкелеринин 197 мамлекеттик актылары кайтарып алынды, алардын ичинде Айрыбаз айыл аймагына кирбеген башка административдик-аймактын жашоочулары да бар экени аныкталды.

Азыркы учурда жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн