Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кадамжай районунда окуучуларды патриоттуулукка үндөгөн иш-чаралар өткөрүлдү

21.02.2022 13:17
1568
Кадамжай районунда окуучуларды патриоттуулукка үндөгөн иш-чаралар өткөрүлдү

Кадамжайда жаш өспүрүмдөрдү патриоттуулукка үндөгөн иш-чаралар болуп өттү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Кадамжай райондук милиция кызматкерлери Орозбеков, Көтөрмө айыл аймактарында жайгашкан орто мектептерде мектеп окуучуларына Мекенди коргоо күнүнө карата ачык эшиктерди өткөрүштү.


Ачык эшиктин жүрүшүндө ар бир өспүрүмдүн патриоттук сезимдерин ойготуу үчүн, кызыкчылыктарын арттыруу максатында ИИОнун атайын каражаттарын, формаларын кенен тааныштырып, диалогторду уюштурду. Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн укук бузууда, кылмыштуулукта мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.


Бул иш-чара №40 Күлдү, №3 Охна гимназия, №34 С.Тешеев, Д.Садыков, Көксал Топтан, А.Камбаров жана Х.Жанибеков атындагы орто мектептеринин окуучуларына өткөрүлдү.


Ошондой эле бул аймакта жайгашкан соода-сатык жайларына жаш өспүрүмдөргө спирттик ичимдиктерди, тамеки, насыбай заттарын сатууга тыюу салынган эскертмелери беришип, Кадамжай РИИБи тарабынан даярдалган эскертме баракчаларын илип чыгышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн