Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кадамжайда 1300 кг кара куурай жок кылынды

11.08.2022 15:38
566
Кадамжайда 1300 кг кара куурай жок кылынды



Кадамжай РИИБдин “Ж.Садиров” атындагы Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери өздөрү тейлеген Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Кайтпас, Ак-Турпак айыл аймагынын Жаңы-Жер айылдарындагы ээн талааларда, кароосуз калган жерлерде, ошондой эле арык бойлорунда өскөн жапайы кара куурайды өрттөп жок кылышты. Бул тууралуу   Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди



 МАК-2022 аталышындагы иш-чаранын экинчи этабы август айларынын орто ченинде башталды. Жогорудагы иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү милиция кызматкерлери менен биргеликте 2 бригадага бөлүнүп алып иш алып барышты.


Жалпысынан 10 гектар жер кароого алынып, 1300 килограммдай жапайы өскөн кара куурай жок кылынды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн