Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 05:21
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Кадамжайда 5 айда өспүрүмдөр тарабынан 8 уурулук фактысы катталган

31.05.2022 14:25
566
Кадамжайда 5 айда өспүрүмдөр тарабынан 8 уурулук фактысы катталган

Кадамжай районунун аймагында акыркы коңгуроо майрамына карата эскертүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.



Кадамжай районунун аймагындагы жалпысынан 83 орто мектеби бар. Кадамжай РИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору ар бир мектептерге барып, мугалимдерге, ата-энелерге акыркы коңгуроо майрам күндөрү мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо жана аларды көзөмөлдөө боюнча эскертүүлөрдү берүүдө. Ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрү, мектеп окуучулары үчүн окуу жылынын аягындагы иш-чараларда өз алдынча экскурцияларды уюштурууга, унаалар менен сейилдөөлөргө кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынарын жана мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.


Кадамжай район аймагында 2022-жылдын 5 ай аралыгында жаш өспүрүмдөр тарабынан 8 уурулук, 2 бейбаштык катталган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн