Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:59
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кадамжайда милиция өспүрүмдөрдүн коопсуздугун талкуулады

08.12.2021 11:33
420
Кадамжайда милиция өспүрүмдөрдүн коопсуздугун талкуулады


Кадамжай РИИБнин жетекчилиги Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Охна айылында мектеп окуучуларынын коопсуздугун алдын алуу боюнча жыйналыш өткөрдү.  Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Жыйналышка жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттары, мугалимдер, ата-энелер катышты. Жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун алдын алууда кылмыштуулукту болтурбоо, укук бузуулардын алдын алуу боюнча талкуулар болду. Жыл башынан бери бул айылда жаш өспүрүмдөр арасында 3 факты майда бейбаштык катталып, тиешелүү жаза чаралары колдонулган.


Жыйындын аягында жаш өспүрүмдөрдү кышкы мезгилде саат 22.00дөн кийин өз алдынча көчөгө чыкпоосу, топтолуп мушташуунун алдын алуу боюнча тийиштүү жетекчилерге милдеттендирилген токтомдор кабыл алынды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн